www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия 2029-жылга чейин Россия тарабынан болушу мүмкүн болгон кол салууга даяр болушу керек. Бул тууралуу Германиянын Кургактагы аскер күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенант Кристиан Фройдинг «Politico» басылмасына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, бул Германиянын өз алдынча божомолу эмес. Бул —НАТО менен макулдашылган чалгын маалыматтары.

«НАТОнун бардык 32 мүчө өлкөсү Россия 2029-жылы НАТОнун өлкөлөрүнүн бирине басып кирүүгө жөндөмдүү болушу мүмкүн экенин тастыкташат», — деди генерал.

Ошол эле учурда ал Россия мындай кадамды андан да эртерээк жасашы мүмкүн экенин эскертти.

«Биз согушка даяр болушубуз керек», — деп кошумчалады Фройдинг.

Последние новости