www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу акыркы билдирүүсүндө Батыш өлкөлөрү Россияны майда аймактарга бөлүп, өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөп жатканын айтты. Анын айтымында, мындай аракеттер мамлекеттин эгемендигине жана элдин биримдигине түздөн-түз шек келтирет.
Шойгу бул басымды жөн гана саясий күрөш катары эмес, руханий чабуул катары сыпаттады. Ал “Россиянын көп улуттуу түзүлүшүн талуу жер катары көргөндөр жаңылышат” деп белгилеп, элдердин достугу менен ички ынтымак өлкөнүн чыныгы күчү экенин айтты.
Бүгүн дүйнөдө көп улуттуу мамлекеттердин ичиндеги жарашуунун энергиясы абдан маанилүү. Ошондуктан, ким бөлүп-жарууну кааласа, ал жарыкты өчүргүсү келет. Ким биримдикти сактайм десе, ал жарыкты күчөтөт. Мунун баары дүйнөнүн руханий согушунун көрүнбөгөн өңүтү.
Бүгүн дүйнөдө геосаясий тиреш күчөп турган чакта, элдин биримдигин сактоо негизги милдет. Тарых, маданият жана руханий баалуулуктарды сактоо мамлекеттин туруктуулугунун негизи.