www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-майда Чолпон-Ата шаарынындагы №2 мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт тармагына жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жетектеди. Ал баш сөзүндө бул жыйын Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан учурда өтүп жаткандыгы менен дагы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, иш-чаранын алкагында тажрыйба алмашууга, жаңы демилгелерди талкуулоого жана биргелешкен ишти кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берерине ишеним билдирди.
Жыйынга Беларусь , Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия,Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Мамлекет өкүлдөрү соңку жылдар ичинде дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташуунун оң жыйынтыктарын белгилеп, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык өлкө аралык достукту чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын белгилешти.
2. ШКУнун Хартиясынын принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастап, дене тарбия жана спорт тармагында кызматташууну жана алмашууларды кеңейтүүгө умтуларын билдиришти.
3. Тараптар Кыргызстанда өтө турчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн даярдыктар жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын билдиришип, көчмөндөр оюндарынын улуттук жана салттуу спорттогу баалугун белгилешти.
4. Тараптар спорттук медицинада, ден соолукту чыңдоодо жана жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүдөгү кошумча каражат катары спорттун салттуу/улуттук түрлөрүн жайылтуунун маанилүүлүгү тууралуу айтышты.
5. ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча жумушчу тобу тууралуу жобо бекитилди. Бул топ ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинин алкагында иш алып барат.
6. «ШКУнун Ачык кубогу» эл аралык спорттук мелдештерин өткөрүүнүн регламенти бекитилди.
7. Тараптар жумушчу топко кийинки жыйындарда төмөнкү иштер боюнча демилгенин долбоорлорун кароону жана талкуулоону улантууну тапшырышты:
* ШКУга мүчө мамлекеттердин спорттук интеграция программасынын концепциясы жана спорт кадрларын даярдоо программасы;
* ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт уюмдарынын ассоциациясы жөнүндө жобо;
* ШКУнун Спорт оюндары жөнүндө жобо;
* 2026–2027-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин негизги спорттук иш-чараларынын бирдиктүү календардык планы;
* ШКУ марафон уюштуруучуларынын ассоциациясы жөнүндө жобо.
8. Тараптар ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафону менен Эл аралык Куньмин марафонунун үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн кубаттап, аталган марафондордун уюштуруучуларынын ортосундагы кызматташууну колдоорун билдиришти.
9. ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери 2026-жылдын 2-мартындагы ШКУнун билдирүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Иран Ислам Республикасынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.
10. 2027-жылы Пакистандын Ислам Республикасынын төрагалыгы алдында өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги кеңешмесинин өткөрүлүү мөөнөтү жана жери ШКУнун Катчылыгы аркылуу кошумча макулдашылат.
11. Тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине иш-чараны ийгиликтүү уюштуруп өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.