www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Август айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков маалымдады.
Депутат Айбек Алтынбеков «Сейдикум» көзөмөл өткөрүү пунктун ачууну сунуштады.
«Буюрса, август айында Өзбекстан Республикасынын президентинин Кыргызстанга келе турган мамлекеттик сапары бар. Ошонун алкагында кол коюуга, алып чыгууга даярдап жатабыз. Эгерде Өзбекстан тарап менен келишсек, "Сейдикум" көзөмөл өткөрүү пункту да ошол жакка киргизилет», - деп жооп берди Сыдыков.
Депутат бул пункт адам өткөрүүчү пункт экенин белгиледи.
«Ал жерде жаратылышы кооз Арсланбап бар. Өзбекстандан келген эс алуучулар аябай көп. Эгерде бул чек ара пункту ачыла турган болсо, экономикалык жактан бир топ киреше түшүп, куда-сөөктөрдүн каттамы жанданып, тездеп калмак», - деди ал.
Сыдыков пунктка жакын жерде «Сейдикум» чек ара заставасы бар экенин белгилеп, учурда Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы улуттар аралык комиссия иштеп жаткандыгын, ал жерде чек арага тиешелүү маселелер талкууланып жатканын, сунуш төрагага жеткизилерин кошумчалады.