www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдардагы Төө-Ашуу ашуусу;
Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайлары (198-255 чакырымдар);
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдарында;
Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Балыкчы – Казарман– Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.