www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

16-январда күндүз жана 17-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн, деп эскертти Кыргызгидромет. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Унаажолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-19-январда абанын температурасы кескин төмөндөп:

- Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9...-14°, күндүз -1...-6°;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...-7°, күндүз -2°...+3° чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11...-16°, күндүз -2...-7°;

- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7...-12°, күндүз -4°...+1°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28°, күндүз -9...-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31°, күндүз -9...-14°;

- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30...-35°, күндүз -11...-16° болушу ыктымал.

Последние новости