www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шаршенбек Абдыкеримов жарыштан талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал бүгүн тууганы Жибек Молдоевага талапкерлердин кастингинде билдирди.
Шаршенбек Абдыкеримов райондун тургундарын Алмазбек Баатырбековдун талапкерлигин колдоого чакырды. Ал өз бизнесин өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын ачуу ниетин айтып, ар ким өзүнүн колунан келген иш менен алектенүүсү керектигин кошумчалады.
Буга чейин БШК №33 Нарын шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун шайлоо фондун максатсыз пайдаланганын аныктаганы белгилүү болгон. Ыкчам чара көрүү координациялык тобу алкоголдук магнаттын атайын эсебин текшерүүнү баштап, шайлоо мыйзамдарын бузуунун белгилерин аныктаганы такталган. Бул так Ат-Башыдагы күйөө балдарды тандоо жана анын жарнактары тууралуу маалыматка байланыштуу.
Булак: NazarNews.kg