www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер канчасына чейин арыз бериши керектигин, каттоо качан бүтүп, үгүт иштери качан башталып, кайсы күнү аяктарын билдирди.
Ал белгилегендей, арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынат. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырт күн" деп жарыяланып, үгүт иштери токтойт.
Шайлоо участогуна келе албаган (маселен, майыптыгы барлар) добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек.
Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.
Булак: NazarNews