www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы шайлоого карата социалдык тармактарда үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Финансылык жактан колдоочулары бар талапкерлер кара жанын карч уруп иштеп жатышса, катардагы жарандар көңүл үчүн “ийгилик” деген сөздү курал кылып алышкандай.
Анысы мейли дейли, бирок ката жазган талапкерлер менен алардын командасы социалдык тармактарда талкуунун чордонунда калды.
Белгилүү журналисттердин бири Тынчтык Алтымышев:
“Пиардын биринчи күнүндө эле 90% талапкерлер менен алардын пиар-группаларына корректор керек экени билинди. Убадаларынан да посттору менен баннерлериндеги каталар тойгузду!”, - деп жазды.
Таанымал тележурналист Нурдин Мотуев да бул пикирди колдоп:
“Блогериңби, журналистиңби — кыскасы, бүт ката жазгандар аттанышыптыр...” - дейт.
Чынында эле, бул ирет парламенттик шайлоого бараткандардын арасында сабаттуулук маселеси курч байкалууда.
Акыры, депутаттын негизги милдети — мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө эмеспи? Сабаттуулук — бул жөн гана орфография эмес, элге болгон сый-урматтын көрсөткүчү. Мындай дубал сүзгөндөр депутат болуп калса кыргыздын шору эмеспи, деген суроо жаралат.
Эске сала кетсек, 10-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктап, жалпысынан 467 талапкер катталды.
Алардын 276сы эркек болсо, 191и айым талапкерлер. Депутаттыкка аттангандар № 19 округдан эң көп болуп, саны 25ти түздү. Ал эми шайлоого эң аз № 11 округдан катышмакчы. Ал округдан 5 талапкер ат салышат.
Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.