www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодо талапкерлер 1,5 млрд сом коротушту

БШК 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү.

БШКнын сайтында айтылгандай, 29-ноябра карата алынган банктык маалыматтарга ылайык талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде:

 

талапкердин өз каражаттары – 1 млрд. 092 млн. сомду;

саясий партиянын өз каражаттары – 3, 797 млн. сомду;

жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 659,063 млн. сомду;

юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 13,208 млн. сомду түздү.

Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталды. Калган 147 млн сомдон ашыгыраак каражат шайлоо төгүмүн төлөөгө жумшалды.

Последние новости