www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан дагы бир ири саясий босогодон өтүү алдында турат. Шайлоо жакындап келе жатат. Бул жолу да коомчулукта талапкерлердин артында бийлик турат, же тизме мурда эле түзүлүп калган деген имиштер тарап, элдин ишенимин солгундатып жаткан учур. Бирок, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев мындай кептерге так жооп берип: “Мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз мурдагы бийликтердин катачылыгын кайталабайбыз!”, - деп талапкерлерге жана жалпы коомчулукка ачык эскертүү кылды.  

Ал белгилегендей, мурда бийлик өкүлдөрүнүн батасы менен “шайлануу” адаты коомдо тамыр жайып, бул көрүнүш бир нече революциялардын себепчилеринин бири болгон. Азыр болсо, бийлик буга таптакыр башкача мамиле кылууда. Мындан улам: “Өзүбүздүн адамды өткөрөбүз деген ниет болгондо, эски шайлоо системасын эле калтырмакпыз. Бийлик өкүлдөрүнүн атын сатып, элди жаңылтууга аракет кылгандар катуу жоопко тартылат”, — деп белгиледи Ташиев.

Ал өз сөзүндө эгер кимдир бирөө шайлоочуларды алдоо, добуш сатып алуу, же көз боемочулук сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барса, анын кесепети оор болорун баса белгиледи.

Ырасында, Кыргызстанда шайлоо өнөктүгүнө таза, адилеттүү жол менен аттануу — талапкердин гана эмес, бүт элдин келечегине болгон жоопкерчилик. Бийлик таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылып жатса, талапкерлер да ошол жоопкерчиликти түшүнүп, татыктуу атаандаштыкка чыгууга милдеттүү.

Последние новости