www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо алдында саясатчылар шайлоо босогосун 5%ка чейин же алтургай 3%ка чейин төмөндөтүү боюнча дискуссияны башташты. Бирок, мындай өзгөртүү жалпы мамлекеттик башкаруу системасына терс таасирин тийгизип калуу коркунучу бар. Эмне себептен 9%дык шайлоо босогосун Жогорку Кеңешке шайлоодо жок дегенде бир жолу текшерип көрүү зарыл экендигине саясий жана юридикалык илимдердин доктору Азиз Канатбек айтып берди. 

- Мен БШК мүчөсү болуп турганда шайлоону уюштуруучулардын позициясында да, шайлоого катышуучу үчүн документ бергендердин да позициясында болдум. Бирок, мен азыр бул маселени изилдеген окумуштуунун көз карашында айтам: мен 9%дык босогону колдойм. Биз «парламенттик республикабыз» деп айтып жатабыз, же ошондой бололу деп жатабыз. Башкаруунун мындай формасында эң башкысы – бул партиялык курулуш. Биздин өлкөдө парламент күчтүү жана бардык жагынан биринчи болушу керек. Президенттен жана аткаруу бийлигинен айырмаланып. Азырынча бизде көптөгөн майда партияларды түзүү тажрыйбасы гана бар жана биз мындай системанын кемчилигин жакшы билебиз – туруксуз өкмөт. Кандай болгон күндө да коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар өкмөттү куроодо бири-бирине шарттарды коюушат. Эгерде жогорку шайлоо босогосун калтырсак, шайлоодо жеңишке бир гана партия келиши мүмкүн, башкача айтканда 65 мандат алат. Бирок, бул парламентте күчтүү оппозиция болбой калат дегендик эмес. Партиялар бириге алышат, - дейт Азиз Канатбек. 

Мисалга ал Түркияны келтирет, ал жакта партиялар парламентке келиш үчүн 10%дан кем эмес добуш алуулары керек. Мунун өзү майда оппозициялык партияларды биригүүгө жана шайлоого альянс менен барууга түртөт. Жыйынтыгында мындай ыкма депутаттык корпустун сапатын жогорулатат. 

- Эгерде шайлоочулардын кызыкчылыгын козгосок, анда аларга мындай системада жеңил. Алар алдыдагы беш жылда мамлекеттин саясатын жасай турганына ишеним арткан партияга максаттуу түрдө добуш берет, - деп сөзүн улантат Азиз Канатбек. 
Ал бүгүнкү күндө босогону төмөндөтүү үчүн активдүү аракет кылып жаткан саясатчылар алдыдагы шайлоодо жеке кызыкчылыктарын көздөгөндөр экенине ишенет. 

- Бул маселе кадимки эле керт башын ойлоочулук. Лидерлерге партиялары парламентке келгени керек жана алар үчүн шайлоо босогосу канчалык төмөн болсо, ошончолук жакшы. 2% болсо деле алар макул болушат, - дейт Азиз Канатбек. 
Ал шайлоо босогосун төмөн болгондо, парламентке майда регионалдык жана алтургай өздөрүнүн районунда эффективдүү иштеп жаткан, бирок республикалык масштабда эч нерсе жасай албаган райондук партиялар да келип калышы мүмкүн болгон тобокелчиликтер бар экенин белгилейт. 

- Республикалык деңгээлде 9% - бул туура, болбоду дегенде бүгүнкү күндө. Биз күчтүү парламент жана номиналдуу президент боло турган парламенттик республика болгонго умтулуп жатабызбы – жогорку босогону бекитүү керек. Бул окумуштуу катары жана шайлоо менен алектенген адам катары менин позициям, - дейт Азиз Канатбек. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 9%дан 5%ка төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленген. Мындай өзгөртүүнү киргизүүнү каалагандар, учурдагы босого менен (9%дык) Жогорку Кеңешке өтө чоң финансылык ресурстары баргана партиялар келип калышы мүмкүн жана мамлекетибиз олигархиялык чакырылышка ээ болот деп эсептешет. Бирок, бул теория гана. Практикада 9%дык босого бир да жолу пайдаланылган эмес. 2015-жылдагы шайлоодо 7%дык босого бекитилип, 6 партия жеңишке жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости