www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-августта «75чилердин иши» боюнча Бишкек шаардык сотунда кезектеги отурум өтүп жатат. Иштин негизги фигуранттары Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев соттун имаратына автоунаа менен кирип, журналисттердин аларга суроо бергенге мүмкүнчүлүктөрү болгон жок.
Сот отуруму жабык режимде өтүп жатат.
Белгилей кетсек, 2-июлда Биринчи май райондук соту Ташиев, Тургунбек уулу, Зулушев жана дагы беш адамды «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, үч жылдык пробация белгилеген. Сегиз адамдын мүлкүн мамлекетке алуу чечими да чыккан.
Беш айыпталуучу февралдан бери камакта отуруп, сот залынан бошотулган. Райондук соттун өкүмүнө прокуратура да, айыпталуучулар да апелляция берип, иш азыр шаардык сотто каралууда.
Сүрөт архивден алынды