www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Өлкөнүн аймактарында 15-16-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Синоптиктердин айтымында, бүгүн-эртең катуу жааган жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Ал эми 16-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121 (Төө-Ашуу ашуусу), 222-250 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости