www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов өзүнүн саясий карьерасында көптөгөн маанилүү этаптардан өткөн такшалган тажырыйбалуу саясатчы катары таанылган. Бирок акыркы жылдардагы билдирүүлөрү өтө кызыктай көз карашты жаратып келет. 

Башкача айтканда, акыркы мезгилдерде Феликс Куловдун аракеттерин көптөгөн саясатчылар жана аналитиктер "дүжүргө айлануу" катары баалап жатышат. Мындай сындардын айтылышына, коомдогу саясий-экономикалык ар кандай талкуу жараткан кырдаалдарда, көз карашын көп учурда бийликтин пайдасына карата ыңгайлуу позициядан баа берген жоруктары негиз түзүүдө. 

Ырасында, Куловдун саясий процесстерге болгон мурдагы жана азыркы көз караштары асман менен жердей айырмаланат. Ал бир кезде чындыкты ачык айткан саясатчы катары бааланган болсо, азыр болсо анын билдирүүлөрү жана позициялары бир топ суроолорду туудуруп жатат. Бул жагдай анын саясий баалуулуктарынын өзгөргөндүгүн жана мурдагы позициясынан алыстагандыгын көрсөтөт. Дегенибиз, эл тараза, эл сынчы демекчи, баары алаканга салгандай көрүнүп турат эмеспи. 

Мындан улам, айрымдар өмүр бою саясатта жүрүп, карыганда калыс сөзүн айта албаган даражага түшүп калаган жагдай орун алса, кашыктап чогулткан кадырын чөмүчтөп чачкан дүжүргө айланышпай, жок дегенде унчукпай тилин тишине басып шүк отурушса, абийир, ар-намыстарына анчейин доо кетпейт эле дейсиң. Аттиң, бирок дээринде кошоматчылык каны ойноп жатса, шүк отуруу кыйын окшойт...

Последние новости