www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-мартында жарандарды Мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам аткарылууда.
Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен Кыргыз Республикасынын 90 жараны, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жараны жеткирилери күтүлүүдө.
Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасына болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.
Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.