www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын отставкадагы полковниги, байлардын сараң байы, Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковго “стойкага” турду. Ага себеп 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Жыйынтыгында журналист жарыкка чыгарган иликтөө тасманы YouTube каналынан 377 миң адам көргөн жана журналисттин иликтөөсүнөн кийин Атамбаевге иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Сараң бай Жалил Атамбаев, арданып жана актанып Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ошентип Ош шаарындагы чириген байлардын тизмесинде турган Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковго “стойкага” турду. Эми ал кунг-фу панданын тактикасына өтөбү күтө туралы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости