www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернеттеги фейсбук социалдык түйүнүндө кыргыз вертолётторун Угандага жөнөтүү тууралуу дагы бир документ жарыяланды.

Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнун Башкы штабынын начальнигине Сомалидеги Африкалык союздун миссиясына катышуу үчүн авиациялык техникаларды (Ми-24В эки вертолёту жана Ми-8МТВ эки вертолёту) багыттоо боюнча суушту жактырууну сунуштаган Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы интернет булактарына жарыяланган.

Кийинки табылган Сапар Исаков кол койгон документте (ал убакта С.Исаков мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчилигинин орун басары кызматында иштеген) "Демилге КР улуттук кызыкчылыгына туура келет» деп жазылган.

Катта С.Исаков түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен баардык жаралган   суроолорду   мыйзам; тартибинде жок кылып жана мамлекет башчысынын жарлыгын аткаруу боюнча ишти ыкчам уюштурууну суранган.

Бул тапшырма   Башкы   штабга жана   коргоо  министрлигине   берилген. Документке 2015-жылдын 10-августунда кол коюлган, - дейт Факты.kg гезити.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости