www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында эл менен жолугушуу учурунда ишкер Аскар Салымбековго байланыштуу, анын коюлган тапшырманы аткарбай жатканына токтолду.
Президент өз сөзүндө Салымбеков “Дордой” базарынан миллиардер болуп байыганын, бирок ошол эле кезде ал жерде иштеген элге шарт түзүп бербегенин белгилеп, мындан улам бир канча жыл мурун базарды заман талабына шайкеш келтирип куруп, жаңылоо боюнча сүйлөшкөнүн айтты.
Бирок андан бери Аскар Салымбеков убданы унутуп, эч кандай аракет кылбаганын билдирди. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү маселенин жагдайын тактай турганын кошумчалады.
Өткөндө эле “Дордой” базарында элге шарт түзүлбөгөнүн борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Салымбековго айтып, базардын айланасындагы жолдорду оңдоо зарылдыгын тапшырып жатты эле.
Демек, Салымбековду артынан түртмөлөп турбаса, алсам-жулсам дегенден башка, элге шарт түзүп берүүнү ойлонгусу келбей калганын президент туура баамдаптыр. Адам карыганда дүйнөкор болуп калат деген ырас окшойт.
Сыягы, азга көнбөгөн көпкө көнөт дегенди жакшы көрөт өңдөнөт. Образдуу айтканда, сагызган суктугунан торго чалынат болбосо болду.