www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жайкы туристтик сезонго даярдык жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча иш-чарага катышты.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн туристтик аймактарында коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында тартылган Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүктөрүнүн гарнизондук ачылышы өттү.

Касымалиевдин айтымында, жайкы туристтик мезгилде бардык туристтик аймактардагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн, күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Бул чаралар туристтердин коопсуздугун жогорулатууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Текшерүү учурунда көлдүн түбүнөн мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып салынганы белгиленди.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости