www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматы маркетплейстер үчүн электрондук эсеп фактурасын киргизди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык кийим тигүүчүлөр товарларын маркетплейстерге жүктөй албай калгандыктан, бул маселе Евразиялык экономикалык биримдиктин аянтчасында көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланган.
“Декабрь-январь айларынын ичинде министрлик эки өлкөнүн бажы жана салык кызматтары, ошондой эле Ozon жана Wildberries маркетплейстеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жети отурум өткөрдү. Натыйжада кыргызстандык ишкерлер (селлерлер) товарларын маркетплейстерге жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Учурда Россия тарап төмөнкү документтерди талап кылууда:
CMR - эл аралык транспорттук коштомо кагаз;
ТТКК - товар-транспорттук коштомо кагаз;
Электрондук эсеп-фактура - маркетплейстер үчүн.
Мамлекеттик салык кызматы ыкчам түрдө юридикалык жана техникалык өзгөртүүлөрдү киргизип, салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде маркетплейстер үчүн электрондук эсеп-фактура системасын ишке киргизди. Ошондой эле система мыйзам чегинде иштеши үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди”,-деп белгиледи директор.