www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процесси автоматташтырылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эми компания же ишкер тиешелүү парктын резиденти статусун алгандан кийин, ал тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө автоматтык жөнөтүлөт.
Ушуга байланыштуу резиденттерге салык органына кагаз түрүндөгү документтерди же арыздарды өзүнчө тапшыруунун зарылдыгы жок.
Салык кызматынын маалыматына караганда, жаңы система административдик жол-жоболорду жана кагаз документ жүгүртүүнү азайтып, ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө жана атайын салык режимин ыкчам колдонууга шарт түзөт.