www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүйдүн айрым жерлеринде, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Талас, Баткен облустарында жана түштүктүн өрөөндүү аймактарында жаан-чачын болбойт.
Аймактар боюнча абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +26…+31°C;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +25…+30°C;
Ош облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +30…+35°C;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +30…+35°C;
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +30…+35°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14°C, күндүз +16…+21°C;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11°C, күндүз +23…+28°C;
Бишкекте түнкүсүн +17…+19°C, күндүз +28…+30°C болот.