www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертти.

Акыркы убакта шылуундар ар кандай амалдарды жана алдамчылык схемаларын колдонуп, анын ичинде телефон чалууларды жасап, ошондой эле мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери катары тааныштырышууда.

Ошондой эле шылуундар жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен өздөрүн Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги катары көрсөтүп, ар кандай шектүү жана мыйзамсыз аракеттерди жасоону талап кылышууда.

Мындан тышкары, шылуундар салык милдеттенмелерин төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды Мамлекеттик салык кызматынын атынан жөнөтүлгөн расмий билдирүү катары көрсөтүшүүдө.

Салык төлөөчүлөр төмөнкүлөрдү эстен чыгарбашы керек:

— расмий билдирүүлөр почта же «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» аркылуу гана жөнөтүлөт;

— Мамлекеттик салык кызматы WhatsApp, Telegram жана башка ушул сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтпөйт;

— салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттер боюнча акча каражаттарын которууну талап кылышпайт.

Эгерде сиз шектүү билдирүү же маалымдоо алган болсоңуз:

— шектүү шилтемелерди ачпаңыз;

— жеке маалыматтарынызды, сырсөздөрдү, SMS-коддорду жана банктык карталардын реквизиттерин бербеңиз;

— белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;

— маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып тактаңыз;

— түшүндүрмө алуу үчүн 116 кыска номерине чалыңыз.

Салыктык карыздын текшерүү жана төлөм жүргүзүү «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети», ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу мүмкүн экендигин эскертебиз.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды сак болууга, алдамчылардын айла-амалдарына алданбоого жана шектүү кайрылуулар келип түшкөн учурда алар тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

Последние новости