www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews мындан ары кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. Бул жолку каарманыбыз, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлкан Молдобекова.
Өзүн-өзү тараткан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова кайрадан шымаланып депутат болом деп аракет көрүүдө. Буга дейре бир нече чакырылыштын депутаты болуп, бирок шайланып кеткен соң элди унутуп койгону боюнча нааразы болгон сындар бүгүнкү күнгө чейин арбын айтылып келет. Бирок Гүлүкан айымдын ага карай турган түрү жок.
Сыягы, акчасына ишенип жатат көрүнөт. Бийлик мурдагыдай акчага таянып добуш сатып алгандарга, бирөөлөрдүн дүкөнгө болгон карыздарын төлөй салып манипулиция жасагандарга катуу чара көрүлө турганын эскертип жатканын кулак сыртынан кетирип, тоготпой жаткандай. Мындай тас кейпи менен түптүз эле аңга барып түшпөсө болгону. Пенсия алып, небере жыттап үйдө отурчу убагы деле келди. Улгайганына карабай жаштардан орун талашып шайлоодо “бир этегин үзө басып, бир этегин жаза басып”, сый-урматтан кетип жаман көрүнүп эмне кылат түшүнүп болбойт.
Азыркы кезде элдин акчалуу саясатчынын артынан ээрчип, бирок кийин алардын унутуп калгандарынан көңүлдөрү үч көчкөн журттай калган. Эл жаңы ысымдарга, таза саясатчыларга үмүттөнүп жаткан кезде, эскилердин “мандат көксөп” ыплас методдорду кайрадан колдонуп элди адаштырууга болгон “арам максаттары” – бул жолу ишке ашпайт.
Саясатта акчадан башка, адамгерчилик, кесипкөйлүк жана элге берилгендик баалуу болушу керек. Ошондуктан азыркы бийлик муну түшүнүп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга аракет кылып жаткан чакта, “акча менен добуш сатып алуу” сыяктуу эски ыкмалардын кесепети оор болорун Гүлкан Молдобековага окшогон депутатттык мандатты атасынан мураска калган менчигиндей көрүшкөн “эскирген депутаттар” түшүнө алышпаса, анда алдыда алардын тарта турган азаптары арбын десек жарашат.