www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. 

Бул жолку каарманыбыз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айгүл Айдарова...

Айгүл Айдарова коомчулукта бир нече жолу талаш-тартыш жараткан билдирүүлөрү жана депутаттын статусуна сыйбаган жоруктары менен эсте калды. Ырасында, карапайым жарандар аны мыйзам чыгаруудагы олуттуу демилгелери аркылуу тааныган жок. Натыйжада, элден эң көп сын уккан депутаттардын бири болду.

Эл өкүлү болуу — элдин үнүн бийликке жеткирүү, калыстыкты көзөмөлдөө, элдин көйгөйүн мыйзам аркылуу чечүүгө аракет кылуу дегенди билдирет. Бирок Айдарова бул жоопкерчиликти сезбегенин, интеллектуалдык билим деңгээли, тажырыйбасы жетишсиз экенин айгинеледи. Тилекке каршы, азыр ал кайрадан шайлоого аттанды.

Бирок суроо туулат: Айгүл Айдарова элдин үнү болууга татыктуубу? Ал өткөн чакырылышта эл үчүн эмне кылды? Кандай өзгөрүүлөргө себепкер болду? Кандай реформаларга таасир берчү демилге көтөрдү? 

Арийне, Адахан Мадумаровдун арты менен жарытпаган добуш алганына карабастан депутат болду эле. Кийин Мадумаровду колдобой таштап кеткен кылыгы менен көптүн оозун ачырды. Эми чындап өз салмагын, дареметин сынап эл таразына түшүп көрсүн. Ошондо ким экени даана билинет? 

Бирок эл кайрадан ошол эле жүздөрдү көрүүгө муктаж эмес. Эл жаңычыл, калыс, билимдүү, убадага караганда иш менен айырмаланган депутаттарды тандагысы келет. Айдарова муну түшүнөбү — бул чоң көйгөй. Албетте, саясатта экинчи мүмкүнчүлүк болот. Бирок бул мүмкүнчүлүк ишенимге татыктуу болгондор үчүн гана берилет.  

Последние новости