www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-апрелде Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюусу менен жарыяланган токтомго ылайык, Тажикстандын жөнөкөй паспорт ээлери үчүн Түркияга саякаттоодо визасыз кирүү  жеңилдиги жоюлганы белгилүү болгон.

Андан көп өтпөй Тажикстан түрк жарандары үчүн виза режимин орнотууну карап жаткандыгын кечээ, 6-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Шохин Самади билдирди.

"Тажик тарап Түркиянын жарандары үчүн өз ара мамилелер принцибине ылайык виза системасын киргизүү маселесин карап жатат", — деп айтылат Самади журналисттерге берген билдирүүсүндө.

Республиканын Тышкы иштер министрлиги Түркия Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режим жоюлганы тууралуу расмий Дүйшөмбүгө дипломатиялык каналдар аркылуу билдире электигин белгиледи.

"Эл аралык практикага ылайык, түрк тарап виза системасы киргизиле турган күн тууралуу бизге алдын ала эскертиши керек болчу. Расмий Дүйшөмбүгө дипломатиялык каналдар аркылуу мындай маалымат келе элек", — деп айтылат маалыматта.

Последние новости