www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан Мизопростол дары каражатын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Дары каражатын берүү энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 350 000 таңгакты түздү (ар биринде 4 таблетка), жалпы суммасы 18,4 млн сом.

Мизопростол жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирет жана бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык колдонулат. Аны колдонуу, айрыкча акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө, татаалдашуулардын алдын алууга көмөктөшөт.

Дары каражаты Кыргыз Республикасынын аймагындагы баштапкы, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги 104 саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлүп, медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев ЮНФПАга көп жылдык үзүрлүү өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматташтык энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Дары каражаты клиникалык протоколдордун алкагында колдонулат жана сапаттуу акушердик-гинекологиялык жардамга, жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, айрыкча региондордо, мүмкүнчүлүк берет», — деп кошумчалады Бакытбек Кадыралиев.

Последние новости