www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манаста:
- Тизеси жерге бүгүлүп,
Келин болуп жүгүнүп – деген таамай айтылган саптар бар.
Мына ушул саптар Нариман Түлеевдин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге учурашкан учурда жамы журттун көзүнө кино тасмадай тартылды.
Деги эле шаар тургундарынын нааразычылыктарын тоготпой, өзүм билемдик кылып борбордун чок ортосундагы жолдун астын оюп, кемирип, ага дагы ыраазы болбой үстүндөгү эки жээгин жемирип, тарытып ач көздүк кылып жаткан Түлеев Ташиев текшерип барганда, оозуна оңдуу сөз кирбей, өң-алеттен кетип мукактанып какап-чакап айласы кетип калды.
Эгер баары мыйзамдуу болгондо мынчалык сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөбөйт эле. Демек, жасаган иши, баскан изи мандемдүү. Долбоордон сырткары мыйзамсыз курулуш жүргүзгөнү “ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт” деген накылды даана туюнтту. Мынчалык ач көздүк кылганы “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” деген накыл дал ушул Түлеев үчүн айтылгандай таасир калтырды.