www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун боштондугун колдоо үчүн канча киши кол койгон?

Экс-депутаттын боштондугу үчүн 740 миң киши кол койгон. Бул тууралуу Садыр Жапаровду колдо кыймылынын жетекчиси Каныбек Осмоналиев нааразычылык акциясында билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда Жапаровду колдогон адамдар абдан эле көп, аны колдоо боюнча 740миң адам кол койгон.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген адамдар Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости