www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда өлкө ишкерлерин Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен куттуктады, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу ишкерлер!

Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдын ичинде Кыргызстандын эли демократиялык жана эркин мамлекетти түзүүгө жетишти. Кыйын мезгилдерде биз өлкөбүздө рынок экономикасын кура алдык — ишкерлер жан аябаган эмгеги жана аракети менен ийгиликтерге жетишүүгө өз салымдарын кошо алышты.

Бир жарым жылдан ашык убакыттан бери коронавирус пандемиясы бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук үчүн коркунуч туудурду жана ал дүйнөнүн алдыңкы державаларынын экономикалык активдүүлүгүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы бардык тармактарга дагы терс кесепеттерин тийгизди.

Анын натыйжасында көптөгөн уюмдардын иши токтоп, аларда эмгектенген жарандарыбыз жумушун жоготуп алышты.

Өлкөнүн экономикасы кризистик абалга кептелген оор мезгилде, биздин ишкерлер пандемия мезгилинин бардык кыйынчылыктарына татыктуу туруштук беришти жана көптөгөн субъекттер өз бизнесин жаңы продукцияларды чыгарууга багытташты.

Мамлекет ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн бардык чараларды көрөт, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу жана инвестиция тартуу аркылуу чакан жана орто бизнеске жардам берет деп ишендиргим келет.

Ушул максатта ушул жылдын башында мен бир катар жарлыктарды чыгардым, анда мамлекеттик органдарга бизнес чөйрөсүн колдоо боюнча милдеттер коюлду. Мамлекет тарабынан мындай чаралар улантыла берет, бул үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, анын ичинде мыйзамдарды оптималдаштыруу, тейлөө борборлорун түзүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жана башка чаралар көрүлөт.

Белгилүү болгондой, бизнес-идеялар жана аларды практикалык ишке ашыруу экономикалык кыймылдаткычтын бир түрү катары кызмат кылат, бул алардын ишин активдештирүүнү, акчаны жана убакытты сарамжалдуу пайдаланууну талап кылат.

Ишкерлердин талыкпаган аракеттеринин натыйжасында жумуш орундары түзүлүп, калктын иш менен камсыз болуу деңгээли жана сапаты жогорулоодо, көпчүлүгүнүн жашоо-турмушу жакшырууда.

Кыргызстандын ишкерлери мындан ары да өлкөбүздүн экономикасына олуттуу салым кошуп, Кыргызстандын рынокторунда гана эмес, анын чегинен тышкары чет элдик компаниялар үчүн сергек атаандаштыкты камсыздай тургандыгына терең ишенем.

Урматтуу ишкерлер!

Бүгүн, ушул салтанаттуу күнү, сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү менен куттуктайм! Сиздерге чың ден-соолук, түгөнбөс энергия жана тапкычтык, бардык бизнес максаттарыңыздарга жетүүдө чоң ийгиликтерди каалайм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости