www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт менен бөлүшүп, президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун Түркиянын президентинин инаугурациясына барганын айтып, катуу талкууга алынды.

Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалыматты журналисттерге тастыктап, инаугурация аземине ал мейман катары, түрк тараптын чакыруусу менен барганын билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясы 3-июнда болуп өттү. Салтанат жана кабыл алуу аземине Кыргызстандан өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен катышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости