www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.

Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Последние новости