www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын президенти Россиянын президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.

Последние новости