www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал УКМКнын кызматкерлери мамлекеттин коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдетин так аткаруу үчүн күн-түн дебей кызмат өтөп, мекен үчүн канын-жанын аябаган каармандыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи. Ошондой эле акыркы үч жылдын ичинде улуттук коопсуздук органдары сан жагынан да, сапат жагынан да чоң өзгөрүүлөргө туш болуп, орчундуу жетишкендиктерге жеткенин билдирди.

«Сиздердин жигердүү жана кесипкөй аракетиңиздердин натыйжасында өлкөбүздөгү маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарт түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарынын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен аёосуз күрөшү жүрүүдө. Бул күрөштүн натыйжасын өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда жашаган жарандарыбыз көрүп-билиши жана ага кол кабыш кылышы зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктар, эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын кылмыштуу иштеринде заманбап технологияларды колдоно башташы, кибер кылмыштуулуктун өсүшү жаңы ыкмалар менен жаңыча иштөөнү талап кылат.

Президент коопсуздук органдарынын пайдубалы деп эсептелген чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугу күчөтүлбөсө, бул негизги багытта олуттуу натыйжалар болбой турганын белгиледи. Өлкө жетекчилиги улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин мезгилдин талабына жооп бере алгыдай техникалык, социалдык жана материалдык жактан камсыздоо маселесин ар тараптан арттырууну улантат.

«Бүгүнкү кесиптик майрамда бүт өмүрүн мамлекетибиздин коопсуздугун жана элибиздин бейпилдигин камсыздоого арнаган коопсуздук органдарынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин өтөлгөлүү өмүрүңүздөр — жаш кызматкерлер үчүн мыкты өрнөк», — деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости