www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, реформалардын алкагында жаңы Тергөө комитети түзүлөт.
"Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт.
УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли.
Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат.
Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт.
Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат", - деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.