www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Ардактуу мекендештер!
Ордолуу Ош шаарынын урматтуу тургундары!
Кымбаттуу педагогдор!
Ош облусуна болгон иш сапарым билим берүү жаатындагы жакшынакай жаңылык менен башталып жатканына абдан кубанып турам.
Мен ар дайым билим берүү тармагында кенедей ийгилик болсо дагы кош колдоп, маңдайым жарыла сүйүнөрүмдү айтып келем.
Себеби, кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө тарых барактарынан дайыма күбө болуп келебиз.
Кезинде даанышман, ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын: “Билим – бийик, түгөнбөс, окуу — улук, Адам үчүн бул эки артыкчылык” деп айтканы бар. Мына ошондуктан биздин экинчи борборубуз Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн, жамы журтубуз үчүн чоң окуя десем жаңылышпаймын.
Бул мектептерден Касым Тыныстанов, Искак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Насирдин Исанов, Султан Ибраимов, Салижан Жигитов өңдүү Кыргызстаныбыздын өнүгүп-өркүндөшүнө салым кошкон атактуу инсандар чыксын деп тилек кылам.
Ошондуктан билим уяларынын пайдубалынын түптөлүшү менен баарыңыздарды куттуктап кетейин.
Урматтуу шаар тургундары!
Кезинде “Көз Карандысыз Мамлекеттердин маданий борбору”, “Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу”, “Улуу Жибек жолунун провайдери” атыккан шаарыбыздын мындан аркы кадыр-баркы да, абырою да дал ушул билимдин, илимдин, маданияттын аркасында артат деп эсептейм.
Эми Ош калаасындагы билим берүүнүн акыбалына токтолоюн. Бүгүнкү күндө Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатат. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелген. Бул – иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт.
Башкача айтканда, ар бир 1 орунга 2ден ашуун окуучу туура келип, билим берүү сапатынын аксашына алып келүүдө.
Натыйжада, 16 мектепте окуу процесси 3 сменде, ал эми 51 мектепте 2 сменде уюштурулган. Жалпы 70 мектептин ичинен болгону 3 мектепте гана бир сменде окуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Бул жагдай шаардагы билим берүү системасында инфратүзүмдүк тартыштык өтө курч болуп келгенин айгинелейт.
Албетте, бул тууралуу бүгүн эле кабардар болуп калганыбыз жок, шаардын билим берүү тармагынан кабарыбыз бар. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша көйгөйлөрдү четинен чечип келе жатабыз.
Ал эми мектеп жетишсиздигинин айынан экинчи борборубузда билим берүүнүн аксашына жол бербөө үчүн жаңы мектептердин курулушун кечиктирбей баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилейм!
Айта кетүүчү жагдай бул 10 мектеп тең өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунун эсебинен курулат. Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда.
Кудай буюрса, жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгынын болжол менен 20–22%ын жабууга мүмкүндүк болот. Натыйжада:
- 3 смендүү мектептердин саны олуттуу кыскарат;
- бир катар мектептер 2 сменден 1 сменге өтүү мүмкүнчүлүгүн алат;
- класстардагы окуучулардын саны оптималдашат;
- Ошентип билим сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт.
Биз Ош шаарындагы класс тартыштыгы көйгөйүн толук чечпесек да, учурда курч болуп турган бөлүгүн жеңилдетебиз. Ош шаарындагы Өзгүр, Кызыл-Байрак, Сүрөттү-Таш, Сары-Зоо, Ак-Буура-2 жана башка конуштар мектептүү болуп калышат.
Бул 10 мектептин курулушу Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул кадамдар билим берүү системасындагы көп жылдык топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн реалдуу жана натыйжалуу башаты болуп саналат.
Шаардын калкынын өсүү темпи жана ички миграцияны эске алганыбызда алдыдагы жылдарда кошумча жаңы мектептерди дагы да курабыз.
Биз курулуш компанияларына бардык шарттарын түзүү менен бирге, заман талабына шай келген билим булактарын куруу боюнча катуу талаптарды коюп, буюрса, мектеп курулуштарын жаңы окуу жылына карата бүткөрөлү деп мерчемдеп жатабыз.
Мектептердин сапаттуу жана тез арада бүткөрүлүшү боюнча Курулуш министри менен Агартуу министрлиги биргеликте иш алпарыңыздар. Бул маселе менин да көзөмөлүмдө болот.
Ошону менен катар, Ош шаарында мугалимдердин жетишсиздиги боюнча да кабарым бар, бирок башка региондорго салыштырмалуу кадр менен камсыздоо дурус деп айтсак болот. Дегеле мугалимдердин жетишсиздиги – бул татаал маселе.
Учурда Агартуу министрлиги мугалимдердин жетишсиздигин азайтуу максатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн түздөн-түз мектептерге бөлүштүрүүнү колго алды. 2025-жылы 1000ден ашуун бүтүрүүчү бөлүштүрүү тартиби боюнча мектептерде иштеп башташты.
Мындан сырткары, эл аралык практикага ылайык, ЖОЖдордогу жогорку курстун студенттерине бир эле учурда мектептерде иштөөгө мүмкүндүк берилүүдө.
“Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы аркылуу 3000ге жакын педагог квалификациясын жогорулатып, башталгыч класстарга которулду, бул дагы негизги жүктү азайтууга жана кадрдык абалды жакшыртууга көмөк болууда.
Мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында мугалимдер үчүн кошумча стимулдар караштырылып жатат. Кыскасын айтканда, мугалимдердин жетишсиздигин жоюу жаатында жылыштар бар.
Мага Ош шаарында окуу китептери менен камсыздоо 97 пайыз деген маалымат берилди. Ошентсе да окуу китептери менен камсыз кылуу жаатында “Алтын казык” программасынын жана 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүнүн алкагында “Окуу китеби” басма үйү тарабынан 2025-жылдан тарта окуу методикалык комплекс (окуу китеби, жумушчу дептер, мугалим үчүн усулдук колдонмо) даярдалып, басылып чыгарылып келе жатканын айта кетейин.
Бул эми этап-этабы менен боло турган процесс. Жалпысынан англис тили, математика, табигый илимдер предметтери үчүн китептер чыгарылып, кыргыз тили, география, тарых китептерин басмага даярдоого авторлор үчүн сынактар уюштурулуп жатат.
Урматтуу шаар тургундары!
Билим берүү мекемелерин куруу – бул калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруучу, билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүчү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу маанилүү кадам. Ошондуктан, бул мектептер заман талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык салынып, сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп бекем ишенем.
Мамлекет дубандары, дубандарда билимдүү, дүйнө таанымы кеңири, ынтымактуу эли, эл ичинен суурулуп чыккан билимдүү, мекенчил, ар тараптан өнүккөн жаштары менен күчтүү.
Мынакей, бүгүн биз турган мектеп улуттук маданияттын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, орошон ойчул, сынчы Салижан Жигитовдун атында экен.
Кезинде Салижан агайыбыз кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгонун жакшы билесиздер. Ал өзүнүн коомдогу болуп жаткан терс окуяларды, төш каккан куру патриоттулукту, ысырапкорчулукту өтө катуу сынга алган макалалары, чыгармалары менен Кыргыз жараны кандай болушу керектигин баса көрсөткөн. Анын жазып калтырган мурастары бүгүнкү күндө дагы актуалдуу.
Мен мектеп мугалимдерине Салижан аганын ташка тамга баскандай таамай ойлору менен бүгүнкү күндүн чыныгы атуулдарын тарбиялап бериңиздер деп кайрылаар элем.
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Пайдубалы түптөлүп жаткан билим уяларынан Ош калаасын Фергана өрөөнүндө ар тараптан өнүккөн, дүйнө эли кызыккан ордолуу чоң шаарга айланта турган демдүү, дымактуу, билимдүү мекенчил жаштарыбыз чыгат деген үмүтүм зор.
Бул билим уялары менен катар, бүгүнкү күндө жасап жаткан аракеттерибиз аркылуу Ош шаары облустагы жети райондун татыктуу борбору болушу зарыл.
Дүйнө жүзү өзгөрүүлөргө туш болуп жаткан чакта, жалпы адам баласы руханий кризиске туштугуп жаткан маалда Ош шаары заман агымы менен тең агып, ар тараптан өнүгүп-өсүшүнө тилектешмин.
Улуу Жибек жолунун боюндагы көөнө маданиятты алып жүрүү менен катар заманбап шаар маданиятын жуурулуштуруп, келген меймандарды ар дайым өзүнө тарткан бакубат шаарга айлансын.
Түптөлүп жаткан билим уяларынын жолу байсалдуу болсун!”.