www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикий Республикасынын Президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы сектору чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен, анын ичинде Маврикий менен эки тараптуу жана көп жактуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров көп тараптуу кызматташууну алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.

Өз кезегинде Маврикийдин Президенти эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоо негизги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Последние новости