www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу кызматташуунун келечегин талкуулашат. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышары кошумчаланды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости