www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде кыргызстандык жол куруучуларга нааразычылыгын билдирди.
Мамлекет башчысы Балыкчы – Барскоон жолун оңдоо иштери 2021-жылы ата мекендик компанияларга берилгенин, бирок беш жылга жакын убакыт өтсө да жол толук бүткөрүлө электигин айтты.
Анын айтымында, алгач жолду куруу боюнча кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы сунуш киргизип, жолду 800 миң долларга курууга даяр экенин билдирген.
Бирок кийин жергиликтүү 13 компаниядан турган топ ишти өздөрүнө берүүнү өтүнгөн.
«Аларга берели деп жатсак, кыргыз компанияларыбыз, Жолчулар ассоциациясыбыз деп 13 компания келди.
Силер 800гө берсеңер, алар бизге субподрядчы катары 600гө берет деп айтышты. Жанымды койбой аркамдан бир жума чуркап турушкандыктан, анан ошолорго бердим», — деди Жапаров.
Президент жолду эки жылдын ичинде бүтүрүү тапшырмасы берилгенин, бирок белгиленген мөөнөт сакталбаганын белгиледи.
Анын айтымында, кийин компаниялар күйүүчү май, битум жана башка материалдардын кымбаттаганын жүйө келтирип, каржылык кыйынчылыкка туш болгонун билдиришкен.
«Өкмөт комиссия түзүп, анан баягы 800 миңди 1 миллион 300 миң долларга чейин көтөрүп бердим. Ар бир километрине 500 миң доллардан кошуп бердик», — деди мамлекет башчысы.
Жапаров эгер жолду куруу ошол учурда «Чайна Роуд» компаниясына берилгенде, объект 2022–2023-жылдары эле бүткөрүлмөк деген пикирин билдирди.