www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр байке, бүгүн сиздин көңүлүңүздү КСДП партиясындагы талашка буралы деп турабыз. Юстиция министирлигинин сайтында Сагынбек Абдырахманов партиянын жетекчиси катары катталгандан бери Алмазбек Атамбаевди колдогондор нааразы болуп жатышат. Пикетке да чыгышты. Сиз кандай дейсиз?

-  Алмазбек Атамбаевдин былтыркы "Ориондогу" сьезди легитимсиз болуп калган. Партиянын жер-жерлерден шайланып келген делегаттары киргизилбей, жабык өтүп, өзүнүн, анан шоопурунун,  күзөтчүлөрүнүн  өң-тааныштары катышып эле аны кайра төрага шайладык деп, чай-пай ичип тарап кетишкен. Бул тууралу учурунда кенен-кесири жазылып, айтылган. Бүт эл көргөн.

Анан быйылкы сьезди эмне болду? Дагы эле ошондой жабык өттү. 170 делегат катышты деп койушту. А кеп чынында экс-президеттин жакындары, кошуна-колоңдору, жанында калган бир ууч жакындарынын тааныштары, достору, классташтары, айрымдарынын куда-сөөктөрүн жыйып жыйын өткөрүп, анан ошону сьезд деп атап, ыймандарын жеп атышса мыйзамга туура келбейт да.

Атамбаевчилер республиканын баардык региондорунан конференцияларды өткөрүп делегат шайлай алышкан жок. Көпчүлүк областарда конференция өткөрүп, делегаттарды шайлоо аракеттери ишке ашпай, партиялаштары келбей, колдобой коюшту.

"Ысык-Көл менен Нарында болду, өттү, делегат шайладык"- деп маалымат таркатып бүтө электе эле артынан ызы-чуусу чыга келди. Балыкчыда тааныштар, туугандар чогулса, Нарындыкы деген жеринде Алга Кылычев эки иштен бир иш кылып, кудаларын коноктоптур. Айтор, Алмазбек Атамбаевдин "акча чачып эле ишти бүтүрүп алам" деген аракети текке кетип, анын "ишенген" адамдары эле "кыртыш байлап" жыргап атышат.

Ошондой кынык алып алган 20-30 адам эле калды жанында. Ошолор эле аны колдомуш болуп, Атамбаевди саан уйдай саап көнүп алышты. "Талаада жалгыз калганча мейличи"-деп, Атамбаев да арам акчаларын чачып, эптеп-септеп
бир ууч сугалактарды багып жүрөт. Анан кантет, башка айласы жок болсо? Жалгыз калмак беле?
 

- Сагынбек Абдырахмановдун сьездин деле легитимсиз деп жатышат. Асылбек Жээнбеков партиядан чыгып кетти. Иса Өмуркулов ж.б фракция депутаттар сьездге келген жок деген дооматтарга не дейсиз?

-   "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын иш аракеттерин партиялаштары тургай, бүт эл-журт көрүп колдоого алды. Бир жылдан ашык убакыт боюу республиканы түрө кыдырышып жер-жерлердеги партиялаштарынын колдоосуна ээ болушуп, баардык региондордон делегаттарды шайлап келишти.

3-апрелге сьезд чакыруу боюнча чечимди мөөнөтү бүтүп бараткан, ошол Алмазбек Атамбаев түзгөн саясый кеңеш кабыл алып берди го? Уставы боюнча "саясый кеңештин жарымынан көбү" деп турат. А бул жерде 34 мүчөнүн 23ү же үчтөн экиси "3-апрелге сьезд"- деп чечим кабыл алып жатпайбы. Атамбаев өзү тандап, түзгөн политсовет Сагынбекке ыктап, Алмаздан түңүлгөнү ушу жерде эле ачык байкалып турат. Атамбаевчилер болсо бул фактыларды тааныгысы келбей, чагым сүйлөшүп, "Кырдрамтеатрда жүз эле киши отурат"- деп жазышты. Театрда 600-700 адам жык толуп, сьезд өтүп атканын ТВдан эл көрдү. Калпычылар өзүлөрү эле уят болушту.

Дагы ошол сьезд тууралу айталы... Сьездин күн тартибине биринчи маселе төраганын, тойус Атамбаевдин отчету койулду. Чакырышты. Анан келбесе, отчет бербесе, ондогон жылдар боюу жер-жерлерде КСДПнын желегин көтөрүп, партияга эмгеги сиңген партиялаштарын уруп-ойнобой, тоготпой жатса эмне кылышы керек?

Ошон үчүн аны төрагалыктан түшүрүп, жаңы төрага шайлап алышты. Бул алардын укугу. Ал эми депутаттардын, ж.б. келбегени маанилүү эмес. Негизгиси кворум болду. Шайланган делегаттардын 90%дан ашыгы катышты. Атамбаевдикиндей ар кошкондор, "саанчылар" эмес, жер-жерлерден КСДПнын мүчөлөрү шайлаган анык делегаттар катышты. Андыктан 3-апрелдеги сьезди "КСДПнын сьезди эмес"- деп айтканга негиз жок. Министрлик эң туура кабыл алган.
 

- Бирок ошого карабастан "бул рейдерлик, партияны тартып алуу туура эмес"- деген пикирлер дагы деле айтылууда. Буга кандай жооп берер элеңиз?

-  Бул суроону мурун да талкуулаган элек. Рейдерлик деген термин бул учурга туура келбейт. Рейдерлик деген сырткы, чоочун күчтөр бирденкеңди тартып алса, ошо рейдерлик болот. А бул жерге рейдерлик дегенге караганда "переворот" деген термин туурарак келет. Мүчөлөр кыжырданып көтөрүлдү да, лидерди чаап түшүштү. Аны лидерликтен гана кетирип, мүчөлүктөн чыгарышкан жок. Так что Атамбаевдин кайрадан лидер болгонго шансы бар. Анүчүн ал "саанчыларга" таянып, пикет кылып догурунбай, мыйзамдуу жол менен күрөшүшү керек.
 

- Кандай мыйзамдуу жол, мисалы?

-  Сот аркылуу же кайра сьезд өткөзүп шайлануу аркылуу. Биринчиден сот аркылуу болсо, ал 3-апрелдеги сьездин легитимсиздигин далилдеши керек болот. Бирок бул жол перспективасыз, далил жок. Аны сезген Атамбаев ошон үчүн "сотко бербейм" деп, жанагыдай, "саанчыларды" тукуруп, догурунмайга өттү.
Экинчи жол бул кайра шайлануу жолу. Партиялаштары аны мүчөлүктөн чыгарган жок да, төрагалыктан гана алышты. Ошондуктан ал кайра шайланса болот. Сьезд чакырсын. Сагынбек Абдырахмановго окшоп бүт республиканы кыдырып партиялаштарынын көңүлүн таап, кечирим сурап, жагдайды түшүндүрүп, анан кайрадан шайланса болот.

Бирок Алмаз бул жолго да барбайт. Анткени ал партиялаштарын башынан эле адам катары санабайт. Алар АША үчүн жөн эле керек учурда "сөөк-саак" ыргытып колдоно турган массовка, пушечное мясо катары, же бир эрки жок гарем катары, мыйзамда партиянын мүчөлөрү болуш керек деген үчүн гана керектелүүчү атрибут катары гана кабылдап келген.

Анын оюна, үч уктаса түшүнө кирбесе керек - партиялаштар төрагалыктан алат деген. Ал деген өзүн, баягы коммунистик доордогудай "Ленин деп айтабыз, партия деп билебиз, партия деп айтабыз, Ленин деп билебиз" дегендей сезип алган.

Ал бийликте турганда өзүм билемдик кылып, мания величия менен ооруп калды.
"Кудай билет, Кудай берет, "Кудайга айткам" дегенсиген сөздөрдү айта берип, өзүн кудайдын класташындай эле сезип калбады беле. Азыр керек болсо ошол "класташына" да таарынгансып, алапайын таппай, эптеп эле бир чуру-чуу чыкса деп көксөп, керек болсо кечээ өзү камаган саясый туткундарды колдогонго чейин барып жатат. Анткени чуулгандуу коррупциялык иштерге таешеси бар экени ачылганы турат. Ошол жаг-дайлар ачылганча "ызы-чуу чыгып, туруктуулук бузулуп, кыргыздар баш аягын таппай калса билинбей калааар, кутулуп кетем го?"- дегенсип жаткандай.

Сөзүмдүн аягында, ушу партия деген түшүнүк боюнча ой жүгүрткөн биздин аттуу-баштуу, билимдүү-илимдүү эле жарандарыбызга таң калам. Алар ушу "крепостной право" заманындагыдай ой жүгүртүшөт. "Партия мүчөлөрү крепостной крестьяниндер, аларда эч укук жок. Барин придет все рассудит... Партияны негиздеген адам, саясатчы, элитанын өкүлү, ал партияны негиздеди, төрага болуп шайланды бүттү, анын эч ким козгобош керек"- дешет. Анда "өлгөнчө төрага болот"- деп жазгыла мыйзамга. Бул эмне деген абсурд. Ал адам партияны мүчөлөрсүз, т.е. элсиз түзө албайт да. Партия элге кызмат кылам, мыйзамды сактайм. мыйзамдуу жол менен бийликке умтулам деп түзүлөт, мартия мүчөлөрүнүн укугу кайда калышы керек? Эми бул көп сөз...

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости