www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр мырза, Өткөндө ЖМКлар АШАнын “эки революцияны тең мен жасаганмын” деп Владимир Путинге мактанганын кеп кылышты. Экс-президент Роза Отунбаева АШАнын салымын “жокко эсе” дегендей пикирин билдирди. Сиз ушул эки революцияда тең алдыңкы катарда, эл баштап жүргөн адам катары АШАнын салымын кандай баалар элеңиз?

- Роза эже туура эле айтып жатат, курултай, митинг өткөзгөнгө анча-мынча тыйын чыгарганы болбосо эч деле салымы жок. Жеке кызыкчылыгы үчүн ал кездеги оппозицияны сатып кеткен учурлары бар. Эки элдик көтөрүлүштүн чечкиндүү убактысында алаңдап, “шымын булгап” алган суу жүрөк катары эле билем. Азыр эле акчага семирип алгандан кийин кыйынсынып, Путинге мактанып атпайбы.

- Суу жүрөктүгүнөн далилдерди келтирбесеңиз сөзүңүз куру сөз болуп калат го?

- Макул айтайын. 2010-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүштө Алмазбек Атамбаев, раматылык Мелис Эшимканов, дагы бир топтору “Газелдин” бортунун үстүнө түшүп “Көк Жар” жаңы конушунан элди баштап аянтка келгенин көргөнсүздөр. Ошондо мен раматылык Усөн Кудайбергенов экөөбүз жөө баскандардын колоннасын баштап келгенбиз. Мындай жөө жүрүштүн далайын баспадакпы. Резинка ок көп жолу тийди. Адамдар деле суу кечээрде шыкалып эркечти күткөн койлордой болуп калат экен. Алдыда белгисиздик, куралчандар тосоору чочутат да... Ошентип баштап борбордук аянтка келсек Топчуке, Бекназаров, Отунбаевалар Ош базар, Назаралиевдин клиникасы тараптан келген колоннаны уруп, согуп чилче таратып борбордук аянтты күч түзүмдөрү ээлеп алыптыр. Топчукелердин тобу Киевскийге, Дзержинкага, Ала-Тоо кинотеатрына, эски аянт тараптагы парктарга, Кыр драмтеатр, Панфилов паркына кире качып, чама-чарктары жетпей, духтары түшүп, “болбой калды, жеңилдик” дегенсип, маанайлары чөгүп калыптыр. Анан биз келип калдык.Тыныстанова көчөсүнөн өтүп, Ала-Тоо кинотеатрынан чыга бергенибизде, жаны ичине тартып, каны кайнап, токмок жеп турган байкуштарга жан кирип, бизге кошулуп, аянтты каптап кирдик. Күч түзүмдөрү безген бойдон мурдагы Топчукелер жашынган тараптарга житип жок болду. Ошондо көзу алайып, коркуп алган АША машиненин үстүнөн -“токтогула, акүйгө барбагыла, атат, атат!” деп микрофондон кыйкырып бизди токтото баштады. Ошондо эл буйдала түштү. Анан, Үсөн Кудайбергенов, “ээй, да пошел он!” деп кыйкырганда, дүпүрөп акүйгө багыт алдык. “Буларды атса, мен да соо калбайм” деп калчылдаган АШАнын, көзү алактаган бойдон ошо жерде калганы эсимде. Мен биринчи катарда, он чакты бала менен акүйдүн темир тор дарбазасына жетип барып, кол менен эле, ары бери калчылдатып силксек, дарбаза ичин көздөй кулап түштү. Усталар сварка менен бош эле карматып койушуптур. А беш жылдан кийин көрдүнөр го (?), өлө сваркалаптыр, Урал машинеси менен сүзгүлөп жатып араң жыгышты го... Андыктан, АША жөн эле, баягы, “жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт” дегендей, ооз көптүрүп атат да. Элдик көтөрүлүштү АША жасаган эмес, биз жасаганбыз, эл жасаган!

Булак: Майдан.кж

Последние новости