www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Сабыке салам! Кандайсың досум, ден соолук, бала-бакыра, айыл-апа аманбы? Өлүм-житим, ысырапкорчулук тууралуу эл чуулдап атса, үн катпайсың да. Айтчы оюңду, кана эмне дейсиң?

— Өткөндө Медеткан Шеримкулов аксакал “бириңдин богуңду бириң же” деп айтты го. Мен чындыгында ошо сөзгө катуу таасирлендим. Биз кеп жебеген, ызылдак-чуулдактан башы чыкпаган, маңкуртташкан коомго айланып калгандайбыз. Азыркы сөздөргө кулак салсаң, кызык эле. “Ак жакшыбы, көкпү, бок жакшыбы, жокпу?” дегендей маанисиз кептерден башка эчтеке жок. Бир окуя орун алса, экинчиси катуурак осурса, чөкөтаандай чурулдап жатып калабыз. Илгиликтүү иш, сунуш болсо деле айырмалап иргей албайбыз, тиги бок-сакка кошуп аралаштырып жууруп таштайбыз, ишпалдасын чыгарып. Болбосо дымып жатабыз, сасып, күтүп... Амбициябыз аттын башындай, күн тукумубуз, эки сөзүбүздүн бири Манас! Манас ата деле жийиркенип жатат болуш керек, биздин бүгүнкү кейпибизден. Же өзүбүзгө бир самокритика айтып, акыл-эске келтире турган адам жок болсо бир жөн. Замандашыбыз, ыраматылык агабыз Салижан Жигитовдун нускаларын окуп, эске алсак эле айыгып, эсибизге келгени турабыз, бирок ызы-чуу, ыпырсыпырдан чыга албай жүрөбүз. Мен чынында ушу бойдон ошо саздан чыкпай каларыбыздан корком.

— Кыскасы, ысырапкорчулук боюнча айтчы, каршысыңбы же кандай?

— Ысырапкорчулукту ким колдомок эле? Албетте, ысырап кылуу жаман. Андайды “кесир” деп коёт кыргызда. Өткөндө профессор Сулайман Кайыпов ага менен баарлашып калдым, ал киши ысырапкорчулук тууралуу өз оюн сыналгыдан да бир нече жолу айтты. “Тамак-аш желбей калса, чирип, сасып кетип таштандыга төгүлсө, бөөдө чыгым болсо жаман. Ошол ысырап, кесир” деп атат. Мен, сен да, жалпы эл дагы аны көрүп-билип, туюп эле турабыз. А бизде эч ысырап жок. Баары желет. Өлгөндүн ыйы, сыйы бар. Тууган-туушкан, куда-сөөк, ыража деген бар. Эч ким шорго баткан үйбүлөнүкүн ичип-жеп, таркап кетип калбайт. Колунда жоктор бир кара сойсо, анысы деле бир тууган, куда-сөөктүн эсебинен жабылат. Кудасөөктүүлөрдүкүнө 10-15ке чейин жылкы келип түшөт, анан ошонун 3- 4түн кара ашына союп, арбакты ыраазы кылып, элден сооп албасаң, “балакет жегир” деп кетпейби! Мына азыркы мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов деле атасы өлгөндө ашы, кыркы, кара ашы менен кошкондо алты-жети жылкы сойгон. Эми ал “жаман көрүнбөйүн” деп отурат, кылтыйып. Кыргыз деген салты, наркы менен эл да. Качанкыга чейин кодуланат? Салтың өлсө эл жок. Уйгурлар, өзбектер “өлүк чыккан үйдөн үч күн түтүн чыкпасын” деп айтат. Кабар келсе дунган көз көрсөтүп, өкүрүп келбейт, кетменин көтөрүп көрүстөнгө жөнөйт, көр казганга жардам кылганы. Бул алардын салты. Каршылык жок. Анан биз эмне кылалы, “уйгур болушуң менен” деп бири-бирибизди куттуктайлыбы?.. Антпегенде кантесиң, салтың, наркын өлүп, эңгиреп чыга турган мамкатчың чээнде жатса, маанисиз жөө жомокторду былгытып...

— Ток этерин айтчы, Сабыке. Бул мыйзамдын келечеги кандай болот? Аткарылабы, аткарылбайбы?

— Мамлекеттеги мыйзамдардын ичинде аткарылбай, ишке ашпай калгандары көп эле да. Горбачевдун алкоголго каршы (сухой закон) мыйзамы эмне болгону эсиңерден чыкпаса керек. Спирттен акча түшпөй, бюджет эңшерилип, жүзүм плантациялары тыптыйпыл кыркылып, СССР экономикасы эбегейсиз зыян тарткан. Бул мыйзамыңар деле ошондой, ишке ашпайт. Эл “пошел вон!” деп коюп, өз билгенин кыла берет. Бийликтегилерге деле бул мыйзамдын ишке ашкан-ашпаганы анча кызык эмес. Жалпы “келесоо көпчүлүктүн” талуу маселелерге алагды болбой, ушундай бок-сакты чукулап отурганы пайдалуу.

Сурат Жылкычиев "Азия Ньюс" гезити

 

Последние новости