www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кыргызстанда коррупциянын мекени экенин дүйнө жана кыргыз коомчулугу билет, анан биз (депуттар дегени – ред.) билебиз. Тилекке каршы, силер билбейт экенсиңер, - деди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 5-декабрда болгон парламент жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып жатып.
- Бүгүнкү баяндамаңарда “Кыргызстанда контрабанда бар, бирок контрабандисттер жок. Биз издеп жатабыз, биз иштеп жатабыз” деп айтып жатасыңар. Болду. Башка эч нерсе жок! Бул жерге келген материалда 2017-жылдан 2019-жылга чейин контрабанда боюнча бир гана (!), ал дагы 2017-жылы кылмыш иши козголуптур. Анда да ал 22 килограмм алтын боюнча кармалган Бакыт уулу Нурис деген УКМКга алып барылып, андан ары “жок болуп” кетиптир. Ал кылмыш иши эмне болгон? – деп депутат Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылды.
Буга Башкы прокуратуранын өкүлү Исмаилов контрабанда боюнча 2017-жылдан бери бир эле кылмыш иши козголгон деген туура эмес маалымат экенин, 2017-жылы 185, 2018-жылы 199, ал эми быйыл, 2019-жылы 197 кылмыш иши козголгонун айтты. Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиев, 22 килограмм эмес, 12 килограмм боюнча контрабандалык кылмыш иши бар экенин айтса, ага жини келген депутат материалдан үзүндү окуду:
“Бакыт уулу Нурис УКМКнын имаратына алып келинди. УКМКнын төрагасынын орун басары Б.Сүйүнбаев тарабынан УКМКнын кызматкери тарабынан чыгарылып кеткен...”
- Мына, эми ошол эки жылдан кийин кайра издөө жарыялап жатасыңар. УКМК өзүңөр, болгондо башчынын орун басары сыртка чыгарып качырып жиберип, кайра өзүңөр издөө жарыялап жатсаңар. Дегеле силерге ким ишенет?!, -деди депутат Момбеков.