www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тергөө комитети аскерий кабарчы Владлен Татарскинин өлтүрүлүшүн оор беренеге — террордук актыга киргизди. Бул туурасында РИА Новостиведомствонун маалымат кызматына таянып билдирди.

Террордукка каршы улуттук комитет өлтүрүүнү Украинанын атайын кызматы пландагандыгын айтты.

"Оппозициялык көз карашта болгон Дарья Трепова Коррупция менен күрөшүү фондунун тарапкери*", — дешти аталган комитеттен.

 

Тергөөчүлөр учурда кылмышка катыштыгы барлардан тарта буюртма бергендерди аныктоо үчүн окуяны ырааты менен карап, тынымсыз иштеп жатканы айтылды.

Журналисттин өлтүрүлүшүнө Киевдин тиешеси бардыгын Террордукка каршы улуттук комитет билдирди. Алардын берген маалыматына таянсак, кылмышты Украинанын атайын кызматы Алексей Навальныйдын тарапкерлеринин катышуусу менен пландаган.

Эске салсак, кечээ, 2-апрелде, Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский (расмий аты-жөнү — Максим Фомин) каза тапкан.

Анын 32 жашта экендиги жана жаракат алган онго чукул адамдын абалы оор экени айтылган. РИА Новостиге айтып берген маалымат булагы жарылуучу затты кафеге коробкага статуэтка кылып салып, Татарскийге белек катары алып келип беришкенин билдирген.

Адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын ИИМи Петербургда туулган 26 жаштагы Треповага издөө салган. Бүгүн, 3-апрелде, шектүүнүн кармалганы маалым болду.

Жардыруудан 32 киши жарадар болуп, алардын ичинен алты адамдын абалы оор деп бааланууда.

• Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

Последние новости