www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым маалымат булактарында Россия Ормуз кысыгынын аймагына суу алдындагы жүрүүчү алты аскердик, анын ичинде эки атомдук кемени жайгаштырганы тууралуу кабарлар тарады.
Бул күчтөр Ирандын инфраструктурасын коргоо жана АКШ менен Израилдин деңиз аркылуу сокку урушуна жол бербөө максатын көздөй турганы айтылган.
Бирок бул маалыматтар ири жана ишенимдүү эл аралык булактар тарабынан тастыкталган жок. Расмий деңгээлде Россия дагы мындай масштабдагы аскердик жайгаштыруу жүргүзгөнү тууралуу билдирүү жасаган эмес.
Ошол эле учурда, айрым талдоочулар Москва Перс булуңундагы абалга байланыштуу аскер-деңиз күчтөрүнүн катышуусун күчөтүшү мүмкүн экенин божомолдошкон.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай ташуучу негизги жолдордун бири катары дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукка таасир этүүдө.