www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Сахалинск облусунун Корсаков районунда кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Окуя кечээ, 29-июлда саат 16:25 чамасында болгонун россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Басылмалардын маалыматына караганда, окуя болгон жерди кароо учурунда облустун борборунда жашап жаткан Кыргызстандын 17 жаштагы жараны достору менен көлгө барганы белгилүү болгон. Эс алуу учурунда алардын арасындагы кыз сууга түшүп жатканда чөгүп баштаган. Аны куткарып калган жигит өзү сууга чөгүп кеткен.
Издөө иштеринин жыйынтыгында жаш жигиттин денеси бүгүн, 30-июлда суудан табылды.
Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Кийинчерээк «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун вице-президенти Улан Кошматов билдиргендей, сууга чөккөн жигит Сузак районунун 2001-жылы туулган тургуну У.Т. экени такталган. Маркум жигиттин сөөгү эртең мекенине жөнөтүлөт деп билдирет Турмуш маалыматы.
Булак: NazarNews.kg