www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 7–8-сентябрында Кытайдын Үрүмчү шаарында Кыргызстандын жана Кытайдын чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын Үрүмчү бажы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өткөрүү пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө «Эркештам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттарынын ишине көңүл бурулду. Пункттардын жүктөмүнүн жаңы чектик көрсөткүчтөрүн белгилөө жана кезекте турган транспорт каражаттары тууралуу күн сайын маалымат алмашуу боюнча макулдашылды.

Кыргыз тарап «Торугарт» өткөрүү пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, анын Кытай тараптан 24/7 режиминде иштешин сунуштады.

Кытай тарап бул маселени тиешелүү органдарга кароого киргизүүгө жана КР менен КЭРдин өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча кызматташтык комитетинин күн тартибине киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагындагы бажылык тариздөө, трансчек аралык контрабандага каршы күрөшүү жана ыкчам маалымат алмашуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга карата чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун протоколуна кол коюлду. Кийинки жолугушуу 2027-жылы Кыргызстандын аймагында өтөт.

Последние новости