www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең 27-ноябрь күнү  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ал эми анын эртеси, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт. Мына ушуга байланыштуу эки күн бою  Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилет.

Мындан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде кортеж өтүп жатканда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

"Баардык кесилиштерде инспекторлор нөөмөттө турушуп,  унаа кыймылын жөнгө салып турушат.  Бирок, ага карабастан жолдордо тыгын болушу күтүлөт, бирок айдоочуларга айып пул салбоого убада кылабыз, качан гана камералар ишке киргенден кийин, жол эрежелерин бузгандарга айып пул салына баштайт”, -дейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости