www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Зеленскийдин катына жооп берди

Владимир Путин Петербург экономикалык форумунда Владимир Зеленский жазган ачык кат тууралуу пикирин билдирип, азырынча Зеленский менен жолугушуунун зарылдыгын көрбөй турганын айтты.
Путин кат менен үстүртөн таанышканын белгилеп, Зеленский жашы куракка көңүл бурганын айтып, саясатчы үчүн жаш курактан көрө ишке жөндөмдүүлүк жана натыйжа маанилүү экенин билдирди.

Ошондой эле Украинада шайлоо өткөрүү маселеси көтөрүлүшү керектигин айтып, бул тема акыркы учурда талкууланбай калганын белгиледи.

Мындан тышкары, Путин Украина мүмкүн болгон келишимдердин кепилдигин Европадан издеп жатканын сынга алып, АКШны эмне үчүн кепил катары карабай жатышканын түшүнбөй турганын айтты. Анын айтымында, Зеленский менен жолугушуудан эч качан баш тарткан эмес, бирок жыйынтыксыз сүйлөшүүнүн мааниси жок деп эсептейт. Ошондой эле Киевди согуштук аракеттерди улантып жатат деп айыптады.

Последние новости